Төрага Нурланбек Шакиев Россияга иш сапары менен барды

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Россияга иш сапары менен барды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Иш сапардын алкагында төрага Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынын кезектеги жыйындарына катышат. Андан тышкары, аталган жыйындарга ассамблеяга мүчө мамлекеттердин парламент жетекчилеринен тышкары, байкоочу макамындагы мамлекеттердин өкүлдөрү да катышары күтүлүүдө.

Алсак, Нурланбек Шакиев баштаган Жогорку Кеңештин делегациясынын курамында депутаттар Эльмурза Сатыбалдиев, Улугбек Ормонов жана Бактыбек Сыдыков бар.