> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Төраганын орун басары Джамиля Исаева Европа парламентинин депутаттары менен жолугушту
- URL: https://im.kg/biilik/2023/12/19/toraghanyn-orun-basary-dzhamilia-isaieva-ievropa-parlamientinin-dieputattary-mienien-zholughushtu/
- Published: 2023-12-19T11:15:41.000Z
- Updated: 2023-12-19T11:15:40.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Саясат, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүн, 19-декабрда, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Джамиля Исаева “Кыргыз Республикасы – Европа Биримдиги” парламенттик кызматташтык комитетинин теңтөрагасы Томас Здеховски баштаган Европа парламентинин делегациясы менен жолугушту.**

Жолугушууда Кыргызстан менен Европа өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү, парламенттер аралык байланышты бекемдөө маселелери талкууланды.

Төраганын орун басары Джамиля Исаева мындай жолугушуулар эки тараптуу алакаларды арттырууга өбөлгө түзөрүн белгилеп:

“Европа Биримдиги Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнө чоң салым кошуп келе жаткан ишенимдүү өнөктөшүбүз. Биз Европа Биримдигинин демократиялык реформаларды жүргүзүү аракетибиздеги колдоосун өзгөчө жогору баалайбыз. Биз демократиялык процесстерди чыңдоодо, мыйзам үстөмдүгүн бекемдөөдө жана адам укуктарын коргоодо олуттуу ийгиликтерге жетишкенибиз менен сыймыктанабыз», - деген Джамиля Исаева эки тараптуу кызматташтык бардык деңгээлде жигердүү өнүгүп жатканын кошумчалады.

Муну менен катар төраганын орун басары Джамиля Исаева “Кыргыз Республикасы – Европа Биримдиги” парламенттик кызматташтык комитетинин бүгүнкү жыйынынын маанилүүлүгүнө токтолуп, анын жүрүшүндө эки тараптуу байланыштын көптөгөн аспектилери боюнча пикир алмашуу болгонун белгиледи.

Өз кезегинде “Кыргыз Республикасы – Европа Биримдиги” парламенттик кызматташтык комитетинин теңтөрагасы Томас Здеховски иш сапарынын негизги максаты тууралуу сөз кылып, Борбор Азия мамлекеттери менен кызматташтыкты кеңейтүүгө, анын ичинен парламенттер аралык алакаларды чыңдоого өзгөчө басым жасады.