2020-жылдан бери коррупцияга каршы күрөшүүдөн 15.5 млрд сом түштү

2020-жылдан бери коррупцияга каршы күрөшүүдөн 15.5 млрд сом түштү. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Мамлекетке келтирилген зыяндын ордун ыктыярдуу же мажбурлап компенсациялоо түрүндөгү акча каражаттары укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын депозиттик эсептерине, ошондой эле Финансы министрлиги болуп саналган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын депозиттик эсептерине которулат.

1)   өкмөттүн 2020-жылдын 22-июнундагы № 353 токтомуна ылайык укук коргоо жана көзөмөлдөө органдары тарабынан кылмыштар жана жоруктар үчүн мамлекетке кайтарылган каражаттар тиешелүү органдардын казыналык депозиттик эсептерине чегерилет.

2)   өкмөттүн 2021-жылдын 15-январындагы № 5 токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу республикалык бюджетти колдоо үчүн депозиттик эсеп ачылган.

3)   министрлер кабинетинин 2023-жылдын 3-ноябрындагы No 585 токтомуна ылайык.

Жогорудагы үч токтомго ылайык түшкөн каражаттар 15 562,65 миллион сомду түзөт.

2020-2023 жылдары түшкөн каражаттар:

-       2020 жылы  Депозиттик эсептерге - 2 719,4 млн сом;

-       2021 жылы КР Финансы министрлигине - 1 915,9 млн сом;

-       2022 жылы КР Финансы министрлигине - 4 137,6 млн сом;

-       2023 жылы КР Финансы министрлигине - 6 789,7 млн сом түштү.