Акылбек Жапаров Европарламенттин делегациясы менен жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Кыргызстан – Европа Биримдиги” парламенттер аралык комитетинин теңтөрагасы, депутат Томас Здеховский баштаган Европарламенттин депутаттары менен жолукту. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Жолугушууга ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары Лейла Лурова менен Гүлшаркан Култаева, КРнын Евробиримдиктеги Туруктуу өкүлү Айдид Эркин жана Европа Биримдигинин КРдагы өкүлчүлүгүнүн башчысы, Элчи Мэрилин Йозефсон катышты.

 Минкаб төрагасы депутаттарды “Кыргызстан – Европа Биримдиги” парламенттик кызматташтык комитетинин 16-жыйынынын ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады.

Өз кезегинде “Кыргызстан – Европа Биримдиги” парламенттер аралык комитетинин теңтөрагасы, Европарламенттин депутаты Томас Здеховский меймандостук үчүн ыраазычылык билдирип, өлкөнүн жарандык коомду өнүктүрүүдө, эркиндиктерди жана мыйзам үстөмдүгүн камсыз кылууда, экономикалык жана санариптештирүү реформаларын жүргүзүүдөгү ийгиликтерин белгиледи.

 

Ал Кыргыз Республикасы Европа Биримдигинин маанилүү өнөктөшү экенин белгилеп, эки тараптуу мамилелерди мындан ары дагы бекемдөөгө жана тереңдетүүгө умтулаарын билдирди.