Энергетиктерге жаңы атайын техникалар тапшырылды

Энергетика кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарада жаңы атайын техникалар тапшырылды. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун айтымында, 2024-жылы өлкөнүн энергетика тармагына 74.9 млрд сом бөлүнөт.

Ал белгилегендей, 2 жыл ичинде энергетика тармагына 261 даана атайын техникалар: 124 даана электр станцияларына, 73 даана «Кыргызкөмүр» МИна сатылып алынган.  Анын ичинен 2023-жылы 178 техника сатып алынып, ага 814,2 млн сом бөлүнгөн.

 2024-жылы министрлик 1 млрд сомго жакын дагы 252 атайын техника сатып алууну пландаган.