Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын саны 27.5 миңди түзөт

Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын жалпы саны 27 миң 570ти түзөт. Бул тууралуу маалымат жыйында Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев билдирди.

Анын айтымында, агенттик тарабынан мамлекеттик башкаруунун аброюн жогорулатуу үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматка сабаттуу, демилгелүү, кесипкөй кадрларды тартуу багытында жумуштар аткарылууда.

«Мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында бош кызмат орундарына дайындоо ачык конкурс аркылуу түзүлгөн кадрлар резервинен жүргүзүлөт. Кадрлар резервине конкурс өткөрүүдө талапкерлерди тестирлөө агенттикте өткөрүлөт», - деди ал.

Аткаминер 2023-жылы 21 миң 995 киши тестирлөөдөн өткөндүгүн кошумчалады.