Санжар Маткулов Бишкектин ММБДнин директору болуп дайындалды

Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинде кадрдык өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Аталган департаменттин директору болуп Санжар Маткулов дайындалды. Буга чейин ал директордун орун басары болуп иштеген.

Тиешелүү буйруктарга Бишкектин мэри Айбек Джунушалиев кол койду.