> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган имараты ачылды
- URL: https://im.kg/biilik/2023/12/22/ukmknyn-naryn-oblusu-boiuncha-bashkarmalyghynyn-zhanylanghan-imaraty-achyldy/
- Published: 2023-12-22T09:15:40.000Z
- Updated: 2023-12-22T09:15:39.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Саясат, #Import 2025-07-22 12:57

**Президенти Садыр Жапаров 2023-жылдын 21-декабрында УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгынын капиталдык ремонттон өткөрүлгөн имаратынын ачылышына катышты.**

Садыр Жапаров кызматкерлердин жигердүү жана кесипкөй аракеттеринин натыйжасында мамлекеттик жана коомдук институттардын туруктуу иштөөсү камсыз болуп, элибиздин жаратмандык эмгек менен алектенүүсүнө шарттар түзүлгөнүн белгиледи.

> «Мен сиздерге мына ушундай басыгыңардан жазбай, эл-жерибиздин бейпилчилиги үчүн ак кызматыңыздарды уланта бересиздер деп бекем ишенем», - деди президент.

Ал буга чейин кыргыз-кытай чек арасында жайгашкан “Торугарт-2” көзөмөл-өткөрүү пунктунда (КӨП) болгонун айтып берди. Бул КӨП “Бажы инфратүзүмү” мамлекеттик ишканасынын балансына алынып, ремонттон өткөрүлүп, ал пайдаланууга берилди.

Президент имараттын оңдолуп-түзөлүшү менен бул башкармалыктын ишинин натыйжалуулугу жана ыкчамдуулугу, ички жана тышкы коркунучтарга каршы күрөшүүнүн сапаты жогорулай тургандыгына терең ишенимин билдирди.