УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган имараты ачылды

Президенти Садыр Жапаров 2023-жылдын 21-декабрында УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгынын капиталдык ремонттон өткөрүлгөн имаратынын ачылышына катышты.

Садыр Жапаров кызматкерлердин жигердүү жана кесипкөй аракеттеринин натыйжасында мамлекеттик жана коомдук институттардын туруктуу иштөөсү камсыз болуп, элибиздин жаратмандык эмгек менен алектенүүсүнө шарттар түзүлгөнүн белгиледи.

«Мен сиздерге мына ушундай басыгыңардан жазбай, эл-жерибиздин бейпилчилиги үчүн ак кызматыңыздарды уланта бересиздер деп бекем ишенем», - деди президент.

Ал буга чейин кыргыз-кытай чек арасында жайгашкан “Торугарт-2” көзөмөл-өткөрүү пунктунда (КӨП) болгонун айтып берди. Бул КӨП “Бажы инфратүзүмү” мамлекеттик ишканасынын балансына алынып, ремонттон өткөрүлүп, ал пайдаланууга берилди.

Президент имараттын оңдолуп-түзөлүшү менен бул башкармалыктын ишинин натыйжалуулугу жана ыкчамдуулугу, ички жана тышкы коркунучтарга каршы күрөшүүнүн сапаты жогорулай тургандыгына терең ишенимин билдирди.