Жогорку сотко 47 автоунаа тапшырылды

Жогорку Сотунун алдындагы Сот департаментине 47 автоунаа тапшырылды. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Минкаб төрагасы Акылбек Жапаров белгилегендей, 2 жылдын ичинде сот системасына бөлүнгөн каражаттын көлөмү дээрлик 3 эсеге өскөн. Маселен, 2020-жылы бюджет 1.2 млрд сом болсо, 2023-жылы 3.5 млрд сом болгон.

«Биринчи жолу сот аткаруучулар үчүн автоунаалар сатылып алынды. Бул автоунаалар мамлекеттик бюджеттин эсебинен 92.1 млн сомго сатып алганыбызды белгилей кетейин. 157 сот залына атайын аппараттар орнотулуп, айлык акы көтөрүлдү», – деди Акылбек Жапаров.