> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 11.88 чакырымы макулдашылды
- URL: https://im.kg/biilik/2023/12/25/kyrghyz-tazhik-mamliekiettik-chiek-arasynyn-11-88-chakyrymy-makuldashyldy/
- Published: 2023-12-25T05:10:41.000Z
- Updated: 2023-12-25T05:10:40.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Саясат, #Import 2025-07-22 12:57

**Тажикстандын Бустон шаарында 2023-жылдын 17-декабрынан 23-декабрына чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстандын жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу минкаб билдирди.**

Топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 11.88 чакырымы боюнча макулдашты.

Тараптар КРнын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган аймактарды сыпаттоо боюнча ишти улантат.

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.