Мырзабек Жыпаркулов Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын директору болуп дайындалды

Мырзабек Жыпаркулов Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Эске салсак, буга чейин Жыпаркулов Мамкурулуштун жетекчиси болуп келген, анын ордуна Бишкектин вице-мэри Нурдан Орунтаев дайындалган.