> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Айыл чарба министрлиги көчөт жана үрөн импортун катуу көзөмөлгө алат
- URL: https://im.kg/biilik/2024/01/10/aiyl-charba-ministrlighi-kochot-zhana-uron-importun-katuu-kozomolgho-alat/
- Published: 2024-01-10T03:58:38.000Z
- Updated: 2024-01-10T05:13:33.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Саясат, #Import 2025-07-22 12:57

**Айыл чарба министрлиги 10-январдан тарта Кыргызстанга айыл чарба өсүмдүктөрүнүн көчөттөрүн жана үрөндөрүн алып келүүдө өлкөнүн чек арасындагы контролдук-өткөрмө пункттарда көзөмөлүн күчөтөт.** 

Кыргызстандагы 29 фитосанитардык контролдоо пунктарында импорттолунуп жаткан мөмөлүү бак дарактардын, малина, карагат жана башка мөмөлү бадалдардын көчөттөрүн, калемчелердин, процедуралык иш-кагаздарын кароо учурунда кошумча документтер талап кылынат.

Талап кылынуучу документтердин ичине төмөндөгүдөй иш-кагаздар кирет: айыл чарба өсүмдүктөрүнүн экспертизалоо департаментинин официалдуу уруксат кагазы жана өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин: 

- өсүмдүктөрдүн карантин лабораториясынын, карантиндик зыяндуу организмдер жок деген корутундусу;
- экспорттоочу өлкөнүн фитосанитардык сертификаты жана анын негизинде департаменттин фитсанитардык көзөмөл актысы;
- импорттолуп кирип жаткан мөмөлүү бак-дарактардын жана бадалдардын көчөттөрүнүн, калемчелеринин сөзсүз зыянсыздандыруу (фумигациялоо) боюнча жүргүзүлгөн актысы.

Департаменттин кызматкерлери тарабынан аталган фито-санитардык посттордо жана жер-жерлерде фитосанитардык коопсуздукту сактабаган жана карантиндик зыяндуу организмдерди таркалуусуна жол берген, юридикалык жана жеке ишкерлерге, мыйзам чегинде чара көрүлөт.