Айыл чарба министрлиги көчөт жана үрөн импортун катуу көзөмөлгө алат

Айыл чарба министрлиги 10-январдан тарта Кыргызстанга айыл чарба өсүмдүктөрүнүн көчөттөрүн жана үрөндөрүн алып келүүдө өлкөнүн чек арасындагы контролдук-өткөрмө пункттарда көзөмөлүн күчөтөт.

Кыргызстандагы 29 фитосанитардык контролдоо пунктарында импорттолунуп жаткан мөмөлүү бак дарактардын, малина, карагат жана башка мөмөлү бадалдардын көчөттөрүн, калемчелердин, процедуралык иш-кагаздарын кароо учурунда кошумча документтер талап кылынат.

Талап кылынуучу документтердин ичине төмөндөгүдөй иш-кагаздар кирет: айыл чарба өсүмдүктөрүнүн экспертизалоо департаментинин официалдуу уруксат кагазы жана өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин: 

  • өсүмдүктөрдүн карантин лабораториясынын, карантиндик зыяндуу организмдер жок деген корутундусу;
  • экспорттоочу өлкөнүн фитосанитардык сертификаты жана анын негизинде департаменттин фитсанитардык көзөмөл актысы;
  • импорттолуп кирип жаткан мөмөлүү бак-дарактардын жана бадалдардын көчөттөрүнүн, калемчелеринин сөзсүз зыянсыздандыруу (фумигациялоо) боюнча жүргүзүлгөн актысы.

Департаменттин кызматкерлери тарабынан аталган фито-санитардык посттордо жана жер-жерлерде фитосанитардык коопсуздукту сактабаган жана карантиндик зыяндуу организмдерди таркалуусуна жол берген, юридикалык жана жеке ишкерлерге, мыйзам чегинде чара көрүлөт.