Минкаб мыйзамсыз мүлктөрдү легалдаштыруу процедурасын жөнөкөйлөттү

Министрлер кабинети мыйзамсыз мүлктөрдү ыктыярдуу легалдаштыруу процедурасын жөнөкөйлөтүү үчүн атайын декларацияны толтуруунун жаңы тартибин киргизди. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Активдер жөнүндө атайын декларация ыйгарым укуктуу кызмат адамында болот жана мүлкүн легалдаштырууну каалаган декларантка берилет.

Декларацияны алуу үчүн төмөнкү документтер керектелет: декларанттын инсандыгын күбөлөндүрүүчү документ; мамлекеттик алымдын төлөнгөндүгүн ырастоочу документ; эгерде декларациялануучу активдердин наркы декларациялык босогодон ашып кетсе, декларациялык төлөмдүн төлөнгөндүгүн ырастоочу документ берилген учурда ага таандык активдерди легалдаштырууга ниеттенген декларантка берилет.