Быйыл суу ресурстарына жана кайра иштетүү тармагына өзгөчө көңүл бурулат — Бакыт Төрөбаев

Минкабдын төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев быйыл суу ресурстарына жана кайра иштетүү тармагына өзгөчө  көңүл буруларын билдирди. 

Маалыматка ылайык, Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында жазгы айдап-себүү иштерине даярдык көрүү иштери боюнча жыйын болуп өткөн. Ал кургакчыл климатка байланыштуу быйыл суунун аз болуусу күтүлүп жатканын билдирген.

"2024-жылга 540 чакырым чарбалар аралык каналдар оңдолот. Ошондой эле, суткалык жана декадалык жөнгө салуу бассейндердин курулушу арбын болот. Эскерте кетейин, өзгөчө район акимдери былтыркыдай Аламүдүн, Сокулук райондорундагыдай маселелер болбосун, эгер кайталанса жеке жооп бересиздер" , – деди Төрөбаев.

Мындан сырткары министр акимдерден сугаруу иштери башталганга чейин тиешелүү сунуштарды киргизип, активдүү иш алып баруусун талап кылды. Ошондой эле ал "Элдик курулуш" ыкмасы аркылуу объекттерди оңдоо тууралуу сөз кылды.