Базар-Коргон районунун башкы салыкчысы кармалды

УКМК Салык кызматынын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон району боюнча башкармалыгынын башчысы Касымжан Дыйканбаевди кармады. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Такталгандай, УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгүндө (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында, Базар-Коргон районунун базарларындагы жеке ишкерлерден салык инспекторлору тарабынан системалуу түрдө акча чогултуу боюнча коррупциялык схемага бөгөт коюлду.

2024-жылдын 11-январында соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Дыйканбаев кармалып, тергөө абагына киргизилди.

Ошондой эле, Салык кызматы башкармалыгынын башчысы карамагындагы кызматкерлер ишкердиктин субъектилеринин арасында аныкталган мыйзам бузууларды жашырганы үчүн алардан туруктуу негизде акча алып жүргөндүгү аныкталды.