> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан Беларустун Соода-өнөр жай палатасы менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү
- URL: https://im.kg/biilik/2024/01/15/kyrghyzstan-bielarustun-sooda-onor-zhai-palatasy-mienien-suiloshuulordu-otkordu/
- Published: 2024-01-15T11:00:16.000Z
- Updated: 2024-01-15T11:00:15.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Саясат, #Import 2025-07-22 12:57

**11-январда КРнын Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаев Беларустун Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Михаил Мятликов менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу ТИМ билдирди.**

Беларус тарап ири өнөр жай ишканаларынынКыргызстан менен өнөр жай кооперациясын өнүктүрүүгө, ошондой эле эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда түзбайланыштарды түзүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Тараптар Кыргызстан менен Беларустун ишкерлеринеэл аралык бизнес-форумдарга, көргөзмөлөргө жанажарманкелерге катышууга көмөк көрсөтүү, Кыргызстан менен Беларустун Соода-өнөр жай палаталарынынортосундагы кызматташтыкты активдештирүү боюнчамакулдашышты.