Бишкектин Транспорт департаментинде жаңы директор дайындалды

Уланбек Бейшенбаев Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү  өнүктүрүү департаментинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, тиешелүү буйрукка Бишкектин мэри Айбек Джунушалиев кол койду. Эске салсак, буга чейин Транспорт департаментинин директору Улан Уезбаев ээлеген кызматынан бошотулган.

Бул чечим Бишкек шаардык сотунун чечиминин көчүрмөсү келип түшкөндүгүнө байланыштуу.

Уезбаев жогоруда айтылган департаменттин директору болуп 2023-жылдын ноябрында дайындалганын, дайындоо учурунда  Биринчи май райондук соту тарабынан У.К. Уезбаев жеке айыптоо  кылмыш иши боюнча күнөөлүү эмес деп табылганын билдирген.