Эльдар Сулайманов ЖКнын эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болуп шайланды

2024-жылдын 17-январындагы Жогорку Кеңештин жыйынында парламенттин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасынын орун басарын шайлоо маселеси каралды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Бул орунга депутат Эльдар Сулаймановдун талапкерлиги сунушталды.

Бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча депутат Эльдар Сулайманов Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болуп шайланды. Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.