Илияз Ташбаев президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды

Илияз Ташбаев президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Эске салсак, Ташбаев Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун статс-катчысы болуп эмгектенген.