Депутаттар кытайлык “Кайшан” компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту

ЖКнын төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев жана депутат Шарапаткан Мажитова Кытайдын “Кайшан” компаниясынын өкүлдөрү  менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

“Кайшан” холдингинин өкүлү Цуй Фен Кыргызстан менен кызматташуу максатын көздөп келгенин, Кыргызстанда ишканаларды куруп, жакынкы өлкөлөргө экспортто максаттары бар экенин билдирди. Алар ар түрдүү өлчөмдөгү, ар кандай шарттарга ылайыкталган компрессорлорду, көмүр казууга, алтын казууга, туннелдерди тешүүгө ыңгайлуу жабдууларды чыгарышат. Жер алдындагы жылуулуктан энергия ала турган технологиялары бар.

Жолугушуунун жүрүшүндө “Кайшан” компаниясы Америка, Австрия, Россия жана башка өлөклөрдө филиалдары бар ири компания экени маалым болду.