Ысык-Көл облусунда УКМКнын башкармалыгынын жаңыланган имараты ачылды

Ысык-Көл облусунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башкармалыгынын капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн имараты ачылды. Бул тууралуу президенттин аппараты билдирди.

Такталгандай, капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн имарат 1976-жылы курулган.

Дээрлик жарым кылымды чамалаган бул имаратта капремонт жүргүзүлгөн эмес. УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу жана кызматкерлердин ишине тийиштүү шарттарды түзүп берүү максатында жалпысы 2 миң чарчы метрден ашык имарат толугу менен оңдолуп-түзөлүп, 544 чарчы метрди түзгөн кошумча имарат курулду. 517 чарчы метрлик спорт залы дагы оңдолуп-түзөлдү. 1000 чарчы метрге асфальт төшөлдү.