> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Акылбек Жапаровдун Москвага иш сапары болду
- URL: https://im.kg/biilik/2024/01/19/akylbiek-zhaparovdun-moskvagha-ish-sapary-boldu/
- Published: 2024-01-19T04:40:50.000Z
- Updated: 2024-01-19T04:40:50.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Саясат, #Import 2025-07-22 12:57

**2024-жылдын 18-январында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Москвага жумушчу сапары болуп өттү. Бул тууралуу минкаб билдирди.**

Визиттин алкагында Россиянын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин жана анын орун басары Алексей Оверчук менен жолугушуулар болду.

Бул жолугушуулардын жүрүшүндө тараптар көп тармактуу кыргыз-орус кызматташтыгынын эки тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелерин талкуулашты, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну активдештирүү пландарын белгилешип, мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча «синхрондук байкоо жүргүзүп», Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 25-жыйынынын жана 11-аймактар аралык кыргыз-орус конференциясынын датасын макулдашышты.