Акылбек Жапаровдун Москвага иш сапары болду

2024-жылдын 18-январында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Москвага жумушчу сапары болуп өттү. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Визиттин алкагында Россиянын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин жана анын орун басары Алексей Оверчук менен жолугушуулар болду.

Бул жолугушуулардын жүрүшүндө тараптар көп тармактуу кыргыз-орус кызматташтыгынын эки тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелерин талкуулашты, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну активдештирүү пландарын белгилешип, мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча «синхрондук байкоо жүргүзүп», Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 25-жыйынынын жана 11-аймактар аралык кыргыз-орус конференциясынын датасын макулдашышты.