“Аврора Гриндин” талаштуу 31 коттеджи мамлекетке толугу менен кайтарылды

Талашта болуп келген "Аврора Гриндеги" 31 коттедж жана 2 корпус толугу менен мамлекетке кайтарылып, "Аврора" санаторийинин карамагына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев билдирди.

Туманбаев маалымдагандай, санаторий толугу менен санариптештирилди, акылдуу кулпулар орнотулуп, накталай эмес төлөм жүргүзүүгө өттү.

“Эми кызмат акысын кардарлар онлайн төлөсө болот, бул кадам менен коррупциялык элементтер жоюлду”, - деди Туманбаев.

Санариптештирүү аркылуу Бишкектен эле санаторийге канча адам кирип чыкканын көзөмөлдөөгө мүмкүн болуп калды. Мындай кадам тааныш-билиштерин мурдагыдай бекер жаткырууга бөгөт койду.