Чүйдө административдик имарат оңдоодон өтүп пайдаланууга берилди

Чүй районунун Чүй айылында капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн административдик имарат пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Белгиленгендей, аталган имарат 1981-жылы курулуп, мурун Айыл чарба министрлигинин карамагында болгон. 2022-жылы Чүй райондук мамлекеттик администрациясынын балансына өткөрүп берилип, 2023-жылдын апрель айында республикалык бюджеттен капиталдык оңдоодон өткөрүүгө 7 млн сом каражат бөлүнгөн.

Өзүнө 13 бөлмөнү камтыган имаратта райондук агрардык өнүктүрүү жана салык кызматынын райондук башкармалыктары жайгашмакчы.

Самат Исманов белгилегендей, мамлекет аймактагы социалдык-маданий объектилерди курууга бир топ каражаттарды бөлүп, административдик имараттарды жаңылоого дагы өзгөчө көңүл бурууда. Бул Чүй облусунун жашоочулары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө болгон биргелешкен умтулуунун бир бөлүгү болуп саналат.