Канатбек Тургунбеков ээлеген кызматынан бошотулду

Канатбек Тургунбеков Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгон.

Эске сала кетсек, Канатбек Тургунбеков Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору кызматына 2023-жылдын февралында дайындалган.