«Бишкек Башкыархитектура» жана Мамлекеттик картографиянын кызматкерлери пара менен кармалды

КР УКМК тарабынан опузалап 2 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын талап кылуу фактысы боюнча, 2024-жылдын 22-январында Бишкекте Ленин районунун башкы архитектору А.Н.М. жана Мамлекеттик картографиянын экономикалык бөлүгү боюнча бөлүмүнүн башчысы М.Ж.А. кармалды. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Такталгандай, аткаминерлер 1 миң АКШ доллар өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан жеринен кармалышты.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө, Ленин районунун башкы архитектору А.Н.М. аффилирленген жактар аркылуу коммерциялык объектилерди бузуу шылтоосу менен ар бир объектиге 2-3 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын талап кылгандыгы аныкталды.

Учурда кармалгандардын катышуусунда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп, башка кызмат адамдарынын бул коррупциялык схемага катышуусу бар экендиги аныкталууда.