> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Сокулук районунда «Таза коноктун» жетекчиси кыймылсыз мүлктү мыйзамсыз саткан – УКМК
- URL: https://im.kg/biilik/2024/01/23/sokuluk-raionunda-taza-konoktun-zhietiekchisi-kyimylsyz-mulktu-myizamsyz-satkan-ukmk/
- Published: 2024-01-23T13:25:35.000Z
- Updated: 2024-01-23T13:25:34.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Саясат, #Import 2025-07-22 12:57

**«Таза Конок» МИнын жетекчиси Т.Э., ошондой эле Сокулук районунун Кызыл-Туу айылдык кеңешинин депутаты Э.Т. тарабынан документтерди жасалмалоо жолу менен алдамчылык фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.**

Такталгандай, муниципалдык ишкананын жетекчиси жасалма документтерди жасап, башка адамдар сүйлөшүп алып, анын атына башка бирөөнүн кыймылсыз мүлкүн мыйзамсыз каттатып алганы, кийин үчүнчү жактарга сатылганы аныкталды.

2024-жылдын 17-январында КР УКМК тарабынан Т.Э. карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренеси (документтерди жасалмалоо), 209-беренеси (алдамчылык) жана 212-беренеси (башка бирөөнүн жерин өзүм билемдик менен басып алуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

> «Азыркы учурда, кылмыш ишинин алкагында КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Т.Э. КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди», - деп УКМК билдирди.

Окуяга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2024/01/WhatsApp-Image-2024-01-23-at-09.43.27.jpeg)