Сокулук районунда «Таза коноктун» жетекчиси кыймылсыз мүлктү мыйзамсыз саткан – УКМК

«Таза Конок» МИнын жетекчиси Т.Э., ошондой эле Сокулук районунун Кызыл-Туу айылдык кеңешинин депутаты Э.Т. тарабынан документтерди жасалмалоо жолу менен алдамчылык фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Такталгандай, муниципалдык ишкананын жетекчиси жасалма документтерди жасап, башка адамдар сүйлөшүп алып, анын атына башка бирөөнүн кыймылсыз мүлкүн мыйзамсыз каттатып алганы, кийин үчүнчү жактарга сатылганы аныкталды.

2024-жылдын 17-январында КР УКМК тарабынан Т.Э. карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренеси (документтерди жасалмалоо), 209-беренеси (алдамчылык) жана 212-беренеси (башка бирөөнүн жерин өзүм билемдик менен басып алуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

«Азыркы учурда, кылмыш ишинин алкагында КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Т.Э. КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди», - деп УКМК билдирди.

Окуяга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.