Депутаттар Айбек Маткеримов жана Марлен Маматалиев Омск шаарына иш сапары менен барды

Депутаттар Айбек Маткеримов жана Марлен Маматалиев Омск клиникалык онкологиялык диспансеринин жетекчилиги менен жолугушту. Бул тууралуу ЖКнын маалымат кызматы билдирди.

Ошондой эле депутаттар эки өлкөнүн дарыгерлери арасында онкологиялык илдеттер менен күрөшүү жаатында тажрыйба алмашуу өнөктүгүн өнүктүрүү керектигин белгилешти.

Жолугушуунун алкагында медициналык мекеменин ишмердүүлүгү менен таанышып, эл өкүлдөрү тиешелүү окуу борборлордон кыргызстандык адистерди да окутуу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады.

Андан соң депутаттар Омск мамлекеттик медициналык университетине барып, ректор Мария Ливзан баштаган окутуучулар жамааты менен жолугушту. Баарлашууда кыргызстандыктардын билим алуусуна шарттарды түзүү, саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу жана жалпы эле медициналык билим берүү тармагы боюнча кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Ушундай эле жолугушуу Клиникалык офтальмологиялык ооруканада уланды. Анда депутаттар Омск облусунун саламаттыкты сактоо министринин орун басары Дмитрий Рябиков менен жолугушту. Жолугушууга  саламаттыкты сактоо жаатындагы алакаларды арттыруу маселелери талкууланып, кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары боюнча сөз болду. Өз кезегинде Клиникалык офтальмологиялык оорукананын директору Александр Выходцев мекеменин ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалымат берип, Кыргызстанда ооруканын өкүлчүлүгүн ачууга даяр экендиктерин белгилешти.