Губернаторлор фонддордун эки тараптуу ишмердүүлүгү менен таанышты
2024-жылдын 23-24-январында Экономика жана коммерция министрлиги бардык облустарынын жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын башчылары үчүн эки тараптуу өнүктүрүү фонддорунун каражаттарынын эсебинен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча семинар уюштурду. Бул тууралуу мекеме билдирди.
Бул иш-чара «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында 2023-жылга аткарылган иштер боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин отчетторун угуу, 2024-жылга карата иш-пландарды кароонун алкагында .
Семинардын жүрүшүндө финансы институттарынын жетекчилери өздөрүнүн долбоордук ишмердүүлүгү, долбоорлорду каржылоо шарттары жана талаптары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймактарында пландаштырылган долбоорлору тууралуу маалымат беришти. Муну менен катар катышуучулар кызыккан суроолоруна толук жооп ала алышты, ошондой эле каржы институттарынын уюштурулган стенддеринде көрсөтүлгөн кошумча материалдар менен тааныша алышты.
Маалымат иретинде:
Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын аймагында үч өнүктүрүү фонду (РKӨФ, ТКӨФ жана ВКӨФ) толук кандуу иштеп жатат. Ошондой эле Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондун жана Түрк инвестициялык фондун практикалык ишке киргизүү боюнча иштер жүрүп жатат. Кошумчалай кетсек, ушул сыяктуу фонддорду түзүү боюнча бир катар мамлекеттер менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө.
Өнүктүрүү институттары менен бизнестин ортосундагы диалогду түзүү жана өнүктүрүү максатында түрдүү иш-чаралар (форумдар, конференциялар) өткөрүлөт, анын алкагында бизнес менен диалогду куруу үчүн натыйжалуу аянтчалар түзүлөт.