Жалал-Абад мэринин жаңы орун басары дайындалды

Жалал-Абад шаарынын мэринин коммуналдык маселелер боюнча орун басары болуп, Жаныш Раимжанов дайындалды. Тиешелүү буйрукка шаар мэри Эрнисбек Ормоков кол койду.

Жаныш Раимжанов 2015-2019-жылдары Ош аймактык милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунда жетектөөчү адис болуп эмгектенген.

2019-жылдан ушул күнгө чейин президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын уюштуруу бөлүмүндө башкы адис болуп эмгектенип келе жаткан.

Эске салсак, Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Айбек Джолдошев ден соолугуна байланыштуу өз каалоосу менен кызматтан  кетүү тууралуу арыз жазгандыгына байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулган.