Кыргыз өкмөтү Орусиянын делегациясын кабыл алды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Орусиянын өнөр жай жана соода министринин орун басары Алексей Беспрозванных баштаган Орусиядан келген делегация өкүлдөрүн кабыл алды.   

Минкаб билдиргендей, тараптар Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда соода жүргүзүү, кайра иштетүүчү өнөр жай тармагы, сейрек кездешүүчү жана маанилүү металлдарды иштетүү, ошондой эле өнөр жай индустриалдык парк куруу боюнча кызматташууну мындан ары өнүктүрүү маселелери тууралуу кенен талкуулашты.    

Белгилей кетсек, жогоруда аталган тармактар боюнча тиешелүү адистерден турган делегациянын курамындагы өкүлдөр буга чейин бул тармактарда иш жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.