ӨКМне жаңы техникалар тапшырылды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жаңы техникалар тапшырылды. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Такталгандай, министрликтин карамагына 700дөн ашык заманбап унаалар берилип, авариялык-куткаруу кызматынын жабдыктары толугу менен жаңыланганын белгиледи. 

Мекемеге 28 даана атайын техника, анын ичинен 10 даанасы Белоруссиядан алынып келинген БЕЛАЗ-7540Б үлгүсүндөгү чоң самосвал, 4 заманбап медициналык жана 4 өрт өчүрүүчү машина жана башка заманбап куткаруу техникасы берилди. Куткаруу шаймандары алууга  республикалык бюджеттен 35 млн сом бөлүндү.