Эмил Жамгырчиевдин ордуна Эльдар Абакиров депутат болот

Борбордук шайлоо комиссиясы «Альянс» фракциясынын депутаты Эмил Жамгырчиевдин депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча чечим кабыл алды.

Учурда Эмилбек Жамгырчиев УКМКнын тергөө абагында. Ал кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүүгө айыпталууда.

Жамгырчиевдин ордуна депутаттык мандат Эльдар Абакировго өтөт.