> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын 3.71 чакырымы макулдашылды
- URL: https://im.kg/biilik/2024/02/05/kyrghyzstan-mienien-tazhikstandyn-chiek-arasynyn-3-71-chakyrymy-makuldashyldy/
- Published: 2024-02-05T10:25:46.000Z
- Updated: 2024-02-05T10:25:45.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Саясат, #Import 2025-07-22 12:57

**2024-жылдын 30-январынан 5-февралына чейин топографиялык жумушчу топторунун жана кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстандын жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу Баткенде өттү. Бул тууралуу минкаб билдирди.**

Бул жолугушууда топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 3.71 чакырымы боюнча макулдашышты. 

Тараптар калган аймактарды сыпаттоо иштерин Таджикстандын Республикасынын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда улантышат. 

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.