Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын 3.71 чакырымы макулдашылды

2024-жылдын 30-январынан 5-февралына чейин топографиялык жумушчу топторунун жана кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстандын жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу Баткенде өттү. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Бул жолугушууда топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 3.71 чакырымы боюнча макулдашышты. 

Тараптар калган аймактарды сыпаттоо иштерин Таджикстандын Республикасынын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда улантышат.  

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.