Жээнбек Кулубаев Тажикстандын президенти менен жолукту

2024-жылдын 5-февралында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолукту. Бул тууралуу ТИМ билдирди.

Жолугушуу учурунда Кулубаев маектешине Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекет башчылары тарабынан жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелерин, кыргыз-тажик кызматташтыгынын саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрүн мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Эл аралык терроризм жана экстремизм коркунучтарына биргелешип каршы турууда кызматташуу, ошондой эле БУУ, КМШ, ЖККУ жана ШКУнун регионалдык жана эл аралык уюмдарынын алкагында өз ара аракеттенүү маселелери боюнча пикир алмашышты.

Расмий сапардын алкагында министр тажик мамлекетинин негиздөөчүсү Исмоил Сомонинин эстелигине гүлчамбар коюп, КРнын делегациясынын коштоосунда Рогун ГЭСинде курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.