Акылбек Жапаров Түркияга шаарына расмий сапар менен барат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2024-жылдын 8-10-февралында Түркиянын Анкара шаарына расмий сапар менен барат. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Расмий сапардын алкагында Акылбек Жапаров Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 11-жыйынына катышат. 

Ошондой эле, Түркиянын расмий жетекчилери жана мамлекеттик органдарынын башчылары менен жолугушуулары болот. Анда тараптар өз ара кызыкчылык туудурган бардык маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. 

Жапаров мындан тышкары кыргыз-түрк бизнес форумуна катышат, анын алкагында ири бизнес өкүлдөрү менен да жолугат. 

Андан соң өнөр жай, транспорт, медицина жана электрондук соода жүргүзүү тармактарында иш алып барган орто жана ири ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышып, ишкерлик чөйрөдө кызматташууну талкуулайт. 

Жолугушуулардын жана жыйындардын соңунда эки тараптуу документтерге кол коюулаары күтүлүүдө.