Бекназар Базаралиев транспорт министринин орун басары болуп дайындалды

Бекназар Базаралиев транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу министрлик билдирди.

Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Маалыматка ылайык, Базаралиев эмгек жолун 2006-жылы Бишкек-Ош унаа жолунун мамлекеттик дирекциясында катардагы адис болуп баштаган. 2024-жылга чейин министрликке караштуу мекемелерде иштеп, бөлүм башчыдан тарта бир топ жетекчилик кызматтарды аркалаган.  

Ал эми ведомство жетекчиси Тилек Текебаев Бекназар Базаралиевдин практикалык иш тажрыйбасын белгилеп, жаңы орунда ийгиликтерди каалады.