> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Акылбек Жапаров расмий сапар менен Түркияга келди
- URL: https://im.kg/biilik/2024/02/09/akylbiek-zhaparov-rasmii-sapar-mienien-turkiiagha-kieldi/
- Published: 2024-02-09T04:26:06.000Z
- Updated: 2024-02-09T04:26:06.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Саясат, #Import 2025-07-22 12:57

**Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров расмий сапар менен Анкара шаарына (Түркия) келди. Бул тууралуу минкаб билдирди.**

Расмий сапардын алкагында Жапаров Соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 11-жыйынына жана кыргыз-түрк бизнес форумуна катышат. 

Ошондой эле, Түркиянын расмий өкүлдөрү менен жолугат. Андан соң бир катар ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышат.

Жолугушуулардын жана жыйындардын соңунда эки тараптуу документтерге кол коюлат.