Акылбек Жапаров расмий сапар менен Түркияга келди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров расмий сапар менен Анкара шаарына (Түркия) келди. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Расмий сапардын алкагында Жапаров Соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 11-жыйынына жана кыргыз-түрк бизнес форумуна катышат. 

Ошондой эле, Түркиянын расмий өкүлдөрү менен жолугат. Андан соң бир катар ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышат.

Жолугушуулардын жана жыйындардын соңунда эки тараптуу документтерге кол коюлат.