Өкмөт Баткенде трансформация боюнча жыйын өткөрдү

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Баткен облусундагы жерлерди трансформациялоо боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Баткен облусунун  аймагында 2019-2023-жылдар ичинде трансформация болгон жана трансформациялоо үчүн даярдалган иш кагаздары  боюнча маселе каралды.

Калкты турак жай куруу үчүн жер участогу менен камсыз кылуу максатында, өкмөттүн тийиштүү токтомдорунун негизинде жалпы облус боюнча 2019-2023-жылдар аралыгында 1 300.7 га жер тилкеси «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштун жерлерине» которулуп берилген.

Жалпы облус боюнча 2023-жыл ичинде министрлер кабинетинин токтомунун долбооруна 589.4 га жер тилкесине макулдук каттар жиберилди.