Бакыт Чомоев «Кыргызавтожолдун» башкы директору болуп дайындалды

Бакыт Чомоев «Кыргызавтожолдун» башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

«Кыргызавтожол» МИ жамаатына КР транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Ырысбек Бариев тааныштырды.

Бакыт Чомоев буга чейин аталган «Кыргызавтожол» ишканасында директордун орун басары болуп эмгектенген.