Президент БАЭге жөнөп кетти – делегациянын курамы

Президент Садыр Жапаров 2024-жылдын 12-февралында Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) иш сапары менен жөнөп кетти. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Сапардын алкагында президент БАЭнын президенти шейх Мухаммад бин Заед Аль Нахайяндын чакыруусу менен Дубай шаарында өтө турган Дүйнөлүк Өкмөттөр Саммитине катышат.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарынын жетекчилиги жана БАЭнин компанияларынын өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрүп, эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулайт.

КРнын расмий делегациясынын курамындагылар:

·      министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов;

·      тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

·      президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

·      Кыргызстандын БАЭдагы элчиси Абдилатиф Жумабаев;

·      президенттин администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги Алмаз Исанов;

·      жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министри Мелис Тургунбаев;

·      экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев;

·      санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева.