Президент Садыр Жапаров Дубай шаарына келди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-февралда, иш сапары менен Дубай шаарына (Бириккен Араб Эмираттары) келди. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы БАЭнын президенти шейх Мухаммад бин Заед Аль Нахайяндын чакыруусу менен Дубай шаарында өтө турган Дүйнөлүк Өкмөттөр Саммитине катышат.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров БАЭнин жетекчилиги жана эмираттык компаниялардын өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрүп, эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулайт.