> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Садыр Жапаров Абу-Даби өнүктүрүү фондунун жетекчилиги менен жолугушту
- URL: https://im.kg/biilik/2024/02/13/sadyr-zhaparov-abu-dabi-onukturuu-fondunun-zhietiekchilighi-mienien-zholughushtu/
- Published: 2024-02-13T03:40:15.000Z
- Updated: 2024-02-13T03:40:15.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Саясат, #Import 2025-07-22 12:57

**Президент Садыр Жапаров Дубайда (Бириккен Араб Эмираттары) өткөрүлүп жаткан Дүйнөлүк Өкмөттөр Саммитинин алкагында Абу-Даби өнүктүрүү фондунун башкы директору Мухаммад Саиф Аль Сувэйди менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.**

Анда ири инфраструктуралык, инвестициялык жана социалдык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кызматташууну мындан ары тереңдетүүнүн актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы Кыргызстан менен Абу-Даби өнүктүрүү фондунун ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн ырааттуулугун канааттануу менен белгилеп, эки өлкө президенттеринин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча түзүлгөн Биргелешкен холдинг компаниясы каржылаган долбоорлорду тез арада ишке киргизүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

Өз кезегинде Мухаммад Саиф Аль Сувэйди Фонддун ишмердүүлүгүнө колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгын айтып, белгиленген пландарга жетүү үчүн бардык күч-аракеттерди жумшоо ниетин билдирди жана Кыргызстан менен өз ара пайдалуу кызматташуунун потенциалы жетишилген макулдашуулардан алда канча жогорулаганын кошумчалады.

Аягында президент Садыр Жапаров өткөрүлгөн жолугушууга канааттангандыгын билдирип, өз ара кызыкчылык туудурган маселелер боюнча эки тараптуу кызматташууну кеңейтүүнү сунуштады.