Садыр Жапаров БАЭнин энергетика жана инфраструктура министри менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Президент Садыр Жапаров Дубайда БАЭ энергетика жана инфраструктура министри Сухэйл Аль-Мазруи менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташууну мындан ары кеңейтүү, дипломатиялык, соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо, биргелешкен инфраструктуралык жана энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Буга чейин жетишилген келишимдерди ишке ашыруу маселелерине токтолуп, мамлекет башчысы Masdar компаниясы тарабынан күн электр станциясынын курулушуна өзгөчө маани берилерин айтып, Кыргызстан аталган долбоордун алкагында өз милдеттенмелерин өз убагында аткарарын баса белгиледи. 

Президент ошондой эле БАЭнин президенти шейх Мухаммад бин Заед Аль Нахайянды Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырганын эске салды. Ал бул сапар өлкөлөр ортосундагы мамилелерди мындан ары да бекемдөөгө түрткү берерине ишенимин билдирди.

Өз кезегинде Сухэйл Аль-Мазруи Садыр Жапаровго Дүйнөлүк Өкмөттөр Саммитине катышууга чакырууну кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, БАЭнин Президенти шейх Мухаммед бин Заед Аль Нахайяндын, Премьер-министр, Дубайдын башкаруучусу шейх Мохаммед бин Рашид Аль Мактумдун, ошондой эле Вице-президент Мансур ибн Заед Аль Нахайяндын жолдогон саламдарын жеткирди.

Энергетика жана инфраструктура министри Сухэйл Аль-Мазруи быйыл Кыргызстанга БАЭнин соода миссиясы келерин, ага соода-экономикалык байланыштарды бекемдөө үчүн ири эмираттык компаниялардын өкүлдөрү кирерин кошумчалады.